Жашоо. Эркек-аял жар болуп, өмүр сүрсө тең кызык (Осмонкул). Гүлдөп өмүр сүргүлө, Эркин ойноп күлгүлө (Турусбеков).
Жашоо. Эркек-аял жар болуп, өмүр сүрсө тең кызык (Осмонкул). Гүлдөп өмүр сүргүлө, Эркин ойноп күлгүлө (Турусбеков).
ӨМҮР СҮРҮҮГӨ УКУК – эларалык укуктар жана демократиялык өлкөлөрдүн көпчүлүгүнүн конституциялары, а. и. КР Конституциясы менен да коргоого алынган адамдын негизги укуктарынын бири. Ө.с.у. мамлекеттин адам өмүрүн аргандай укукка каршы колсалуулардан жана башка коркунучтардан артараптуу коргоо, анын татыктуу, ойдогудай, жакшы жашоосу үчүн укуктук, социалдык, экономикалык, экологиялык жана башка шарттарды камсыз кылуу боюнча милдеттерин тастыктайт. Өлүм жазасы алынып салынган мамлекеттерде (Австрия, ГФР, Франция ж. б.) Ө. с. у. бир дагы адам, ал кандай жосун жасабасын мамлекет тарабынан болсо да өмүрү кыйылышы мүмкүн эмес дегендикти билдирет.Өлүм жазасын сактоонун аркыл режимдери бар өлкөлөрдө адатта Ө. с. у. бир дагы адам тийиштүү укуктук жолжобону жасоосуз өмүрү кыйылышы мүмкүн эмес дегендикти түшүндүрөт. Айрым өлкөлөрдө Ө. с. у-ка кеңири чечмелөө бойдон алдырууга тыюу салууга, а. и. конс-титуциялык тыюу салууга (Ирландия) алып келет.